Тышкы иштер министрлиги Ооганстандан үч кыргызстандыкты эвакуациялады, дагы 20 адам калды
RU

Тышкы иштер министрлиги Ооганстандан үч кыргызстандыкты эвакуациялады, дагы 20 адам калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Учурда Ооганстанда 20 кыргыз жараны бар. Бул тууралуу бүгүн, 16 -августта Kaktus.media редакциясына КР ТИМ Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Арслан Токобаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Ооганстандагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын элчилиги биздин жарандарды өлкө аймагынан эвакуациялоо боюнча чараларды көрүүдө.

"Үч жаран буга чейин эвакуацияланган. Алар Катарда. Жакын арада дагы алтоо үчүнчү өлкөлөргө эвакуацияланат. Калган жарандар менен туруктуу байланыш сакталат, алар коопсуз", - деди Токобаев.

Министрлик, департаменттин директорунун орун басары кошумчалагандай, Казакстан, Россия, Өзбекстандын Ооганстандагы элчиликтери менен байланышта.

"Бардык керектүү иштер аткарылып жатат. Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги штаттык режимде иштеп жатат", - деп баса белгиледи Токобаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3035