Түндө катуу добуш шаардыктарды чочутту. Ал эмне болчу эле?
RU

Түндө катуу добуш шаардыктарды чочутту. Ал эмне болчу эле?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн түндө, болжол менен саат 02:43тө, Бишкектин ар кайсы райондорунда жашаган тургундар, 10 мүнөткө созулган, күңгүрөгөн добушту угушкан.

Kaktus.media'га кайрылган окурмандардын айтымында добуш ТЭЦ тараптан чыгып, көпчүлүктү чочутту.

Kaktus.media ТЭЦ Бишкектин курамына кирген "Электрические станции" ААКсына байланышып, сураганында буунун технологиялык таштоосу болгонун маалымдашкан.

"Адатта, ал 7-11 кубометр секундасына ылдамдыгы менен ташталат", - деп белгиледи "Электрические станции".

"Электрические станции" ААКтын бардык объектилери штаттык режимде ишин улантууда, деп компания белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/303