Афганистанда баңгизатын өндүргөндөр өлүм жазасына тартылат. Талибдердин алгачкы жарлыктары
RU

Афганистанда баңгизатын өндүргөндөр өлүм жазасына тартылат. Талибдердин алгачкы жарлыктары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернет тармактарында Афганистанды көзөмөлүнө алган "Талибан" кыймылынын алгачкы жарлыктары тууралуу маалыматтар жарыяланууда. Бир катар басылмалар мурдагы Афганистан өлкөсүнүн Афганистан Ислам Республикасы деп аталганын жана бийликке келген "Талибан" кыймылынын алгачкы жарлыктарын жазып чыгышты.

"Талибан" кыймылынын жаңы жарлыктары:

  • Кан төгүү менен коштолгон иштерге өз алдынча баа берүүгө тыюу салынат. Адам өлтүрүү сыяктуу оор кылмыштарга жазаны шарият соту гана бере алат;
  • Баңгизаттарды өндүрүү, сатуу жана бул жаатта кызматташуу иштерине аралашкандар өлүм жазасына тартылат;
  • Адам уурдоо, бийлөө жана сексуалдык зомбулук көрсөтүү сыяктуу иштерге толугу менен тыюу салынат. Бул жаатта мыйзамды бузгандар өлүм жазасына тартылат;
  • Афганистан Ислам Республикасынын аймагында пайыздык карыздар таптакыр жокко чыгарылат;
  • Ыйык жерлерге сыйынгандар, мүрзөдө курмандык чалгандар, ар кандай сыйкырчылык менен алектенгендер, ошондой эле тумар таккандар менен төлгө салгандар шарияттын мыйзамдарына ылайык жазаланат;
  • Афганистан Ислам Республикасы өлкөнүн өнүгүшү үчүн дүйнөнүн бардык өлкөсүнөн инженерлерди, дарыгерлерди кабыл алат. Аларга жогорку айлык акы төлөп берүүгө даяр экенин баса белгилейт;
  • Өлкөдө соодагерлер жана кол өнөрчүлөр адаттагыдай эле иштерин уланта алышат;
  • Аялдарга махрамсыз (жакын эркек тууганы) көчөгө жалгыз чыгууга тыюу салынат;
  • Жалпыга маалымдоо каражаттары эч кандай чектөөсүз эркин иш алып барышат. Бирок мазактоо, жалаа жабуу, үгүттөө жана бузукулукту жайылтуу сыяктуу иш-аракеттер байкалган учурда шарияттын негизинде жазага тартылат;

Эске салсак, жекшембиде "Талибан" кыймылы Афганистандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Ал эми өлкө башчысы Ашраф Гани президенттик кызматынан баш тартып, чет жакка качып кеткени маалым болгон. Андан соң талибдер убактылуу өкмөттүн түзүлүшүнө каршылык билдирип, бийликти толук бойдон өткөрүп алууну күтүп жатканы айтылган.

Маалымат super.kg порталынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3062