АУЦАнын президенти Эндрю Качинс Кыргызстандан депортацияланды
RU

АУЦАнын президенти Эндрю Качинс Кыргызстандан депортацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АУЦАнын экс-президенти Эндрю Качинс кечээ, 17-августта Кыргызстандан депортацияланды. Бул тууралуу 24.kg укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеп билдирди.

Белгилүү болгондой, Америка университетинин ректору 17-август күнү, таңкы саат 6:00до ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда өлкөдөн чыгып кеткен.

Эске салсак, 23-апрелде ИИМдин тергөө кызматы Эндрю Качинсти суракка чакырткан. Качинс баңгизатын, психотроптук веществолорду жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо беренеси менен шектелген. Андан кийин сыртка чыкпоо тил катына кол коюп, кое берилген болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3063