Шайлоого байланыштуу УКМКнын өздүк курамы күчөтүлгөн кызмат өтөө вариантына өткөзүлдү
RU

Шайлоого байланыштуу УКМКнын өздүк курамы күчөтүлгөн кызмат өтөө вариантына өткөзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана референдум учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо иштери жүрүп жатат. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы таркатты.

Билдирүүгө ылайык, учурда өлкөдөгү шайлоо жана референдум алдындагы кырдаалга мониторинг жүргүзүп турган, ошондой эле аймактык бөлүмдөрдүн координациялоо жана алардын башка мамлекеттик түзүмдөрү менен өз ара аракет кылуусу боюнча ыкчам штаб иштеп жатат.

УКМКнын өздүк курамы күчөтүлгөн кызмат өтөө вариантына өткөзүлдү. 2021-жылдын 10-январындагы шайлоо учурунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттери иштелип чыкты.

Эң башкысы шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган, диний-экстремистик жана криминалдык топтордун, деструктивдүү түзүлүштөрдүн чагымчыл акцияларын даярдоо белгилерин өз убагында табуу жана алдын-алуу боюнча иш чараларга басым жасалууда. Мамлекеттин стратегиялык маанилүү объектилеринде терроризмге каршы коргоону чаралары күчөтүлдү. Укук коргоо органдары жана чек ара кызматы менен биргеликте террористик жана диний-экстремистик уюмдардын мүчөлөрүн табуу максатында жарандардын кирүү-чыгуу каналдарында чыпкалоо иштери, ошондой эле чек ара жанындагы аймактарда жаңжалдуу кырдаалдарды болтурбоо иштери жүргүзүлүп жатат.

КР УКМК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жана референдум учурунда коомдук-саясий кырдаалды чыңалтууга жана дестабилдештирүүгө алып келе турган чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратпоого чакырат.

Чагымчыл маттериалдарды тараткандар, КР мыйзамдарынын чегинде жоопко тартуу каралган, - деп, УКМКнын басма сөз кызматы эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/307