Ташкентте афганистандыктар үчүн жергиликтүү авиакаттамдарды тейлеген аэропорт жабылды
RU

Ташкентте афганистандыктар үчүн жергиликтүү авиакаттамдарды тейлеген аэропорт жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүнкү күндөн тартып, Ташкентте жергиликтүү авиакаттамдарды тейлеген аэропорт жабылат. Бул тууралуу Uzbekistan Airways компаниясынын басма сөз кызматы маалымдады.

"Аэропорт "техникалык себептерге" байланыштуу белгисиз мөөнөткө жабылат. Келтирген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз", деп компания билдирген.

Өзбек маалымат каражаттары билдиргендей, жергиликтүү каттамдарды тейлеген аэропорт ЕБ жана Афганистандын жарандарын эвакуациялоосун камсыздоо үчүн бөлүнгөн. Алар Кабулдан келип, транзит менен Ташкент аркылуу өтүшөт.

"Эвакуацияланган жарандардын бардыгы Германияга жөнөп кеткенге чейин аэопорттун транзиттик аймагында болушат", - деп Өзбекстандын ТИМи билдирди.

Буга чейин Германиянын жана Европа Биримдигинин жарандарын Афганистандан эвакуациялоо Өзбекстан аркылуу жүрөт деп маалымдалган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3080