Кыргызстанда сүт өндүрүү көтөрүлдү Айыл-чарба министрлиги себебин түшүндүрдү
RU

Кыргызстанда сүт өндүрүү көтөрүлдү Айыл-чарба министрлиги себебин түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын биринчи жарымында Кыргызстанда сүттү өндүрүү кыйла жогорулаган. Фермелер 1 миллион тоннага жакын сүт өндүрүшкөн. Бул тууралуу айыл-чара министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Такталган маалыматка ылайык, ушул жылдын январынан июлуна чейин 979,2 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 19 миң тоннага же 2%га көбүрөөк.

Сүттүн өндүрүмдүүлүгү республиканын бардык аймактарында көтөрүлдү. Өндүрүштүн өсүшү уйдун санынын 19,7 миңге көбүрөөк болгонуна байланыштуу. Ар бири орто эсеп менен 3,2 литр сүт берет, деп айыл-чарба министрлигинен түшүндүрүштү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3083