СИЗО-1де камакта отурган кишиге баңгизатын берип жиберүү аракети көрүлдү
RU

СИЗО-1де камакта отурган кишиге баңгизатын берип жиберүү аракети көрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин СИЗО-1 мекемесине баңгизатын өткөрүп берүу аракети токтотулду. Бул тууралуу Октябрь ИИБсинин басма сөз кызматы билдирди.

Бир нече күн мурун милициянын нөөмөт бөлүмүнө жакында, белгисиз адамдар СИЗОго баңгизатты алып кирүү аракетин көрүшөт, деген маалымат келип түшкөн.

Кийин, камакта отургандардын бирине алынып келинген азык-түлүктүн арасынан, тагыраак айтканда ун салынган баштыктан 15 г нашаа табылган.

Бул окуядан кийин 1998-жылы туулган О.Д. кармалды. Анын айтымында, тааныш бирөө камакта отурган досторуна азык-түлүк алып барып берүүнү суранган. Ал белгисиз адамдардан төрт баштык алган.

Окуядан кийин милиция 1994-жылкы А.Э жана 1998-жылкы А.М.ди кармады. Биринчиси убактылуу кармоочу жайга жеткирилсе, экинчиси күбө катары сурак берди.

Экспертиза дайындалып, иликтөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3101