Республика боюнча 187 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды
RU

Республика боюнча 187 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3213 адамдан турган 220 бригада түзүлүп, 3023 гектар жер изилденип, 250,7 гектар жерде өскөн кара куурайдын 187 тонна 765 килограммы өрттөлдү. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККсынын басма сөз кызматы маалымдады.

"Кара куурай" деп аталган операцияны өткөрүү учурунда 93 кылмыштын бети ачылса, 21

баңгизатына байланышкан кылмыш аныкталып бети ачылган, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 244кг 857гр баңгизаттар жана прекурсорлор алынган, анын ичинен: гашиш-10кг 109гр, психотропттук заттар -7гр, марихуана -231кг 623гр., кара куурай -2кг 171гр. туз кислотасы- 596 гр., күкүрт кислотасы-351 гр.

Ошондой эле, бул операциянын алкагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 10 бирдик ок атуучу курал жана 62 даана ок-дары алынды, деп ИИМ жөнөткөн релизде жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3103