Өзбекстандагы авариядан улам Ошто үч күндөн бери газ жок
RU

Өзбекстандагы авариядан улам Ошто үч күндөн бери газ жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто үч күндөн бери газ жок, бул жөнүндө бүгүн, 6-январда Kaktus.media'нын окурмандары билдиришти.

"Ошгаздын" диспетчердик кызматы бул маалыматты тастыктап, бирок шаарда газдын өчүрүлүшү алардын айынан эмес экенин айтышкан.

"Өзбекстанда авария болуптур, ошондуктан газ качан кайра күйө турганын так айта албайбыз", - деп жооп берди "Ошгаз".

Компания, балким бүгүн, кечке чейин көгүлтүр от шаарыдктардын үйлөрүнө берилип калат, деп божомолдоду.

Белгилей кетсек, "Ошгаз" "Газпром Кыргызстан" компаниясынын филиалы болуп эсептелинет. "Газпром" 2012-жылы "Кыргызгаздын" акцияларынын толук пакетин символикалык баага - 1 долларга сатып алган. Кыргызстандын ошол учурдагы президенти Алмазбек Атамбаев "Газпромдун" жетекчиси Алексей Миллер менен жолугуп, "Кыргызгаздын" $38 млн өлчөмүндөгү карыз кечирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/310