Чет элдик студенттер окуусун улантуу үчүн Россияга кирүүгө уруксат алышат
RU

Чет элдик студенттер окуусун улантуу үчүн Россияга кирүүгө уруксат алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чет өлкөлүк студенттерге салттуу форматта окуусун улантуу үчүн Россияга келүүгө уруксат берилет. Кирүү эрежелери буга чейин иштелип чыккан жана жакынкы убакта бекитилиши керек. Бул тууралуу Россиянын илим жана жогорку билим берүү министрлиги билдирди.

Ошондой эле, чет өлкөлүк студенттер жатаканаларга жайгашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

"Бул чечим коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча штаб тарабынан да колдоого алынды", - деп маалымдайт маалымат каражаттары.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3128