Талибдер аларга ооган президентинин бир тууганы кошулганын жар салды
RU

Талибдер аларга ооган президентинин бир тууганы кошулганын жар салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Талибан" кыймылы ооган президентинин иниси Хашмат Гани ага ант бергенин билдирди, деп жазат РИА Новости.

"Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Ганинин бир тууганы Хашмат Гани Халил Ар-Рахман Хаккани алдында Ислам Эмиратына берилгендиги боюнча ант берди",-деп айтылат Талибандын билдирүүсүндө.

Буга чейин жергиликтүү Shamshad News телеканалы Кабулда талиптер менен тыгыз байланышта болгон "Хаккани тармагы" террордук тобунун жогорку даражалуу мүчөсү Халил Аль-Рахман Хаккани менен Ооганстандын экс-премьер-министри жана Ооганстан Ислам партиясынын лидери Гүлбеддин Хекматияр жолугушту деп маалымат чыгарган. Жолугушуунун чоо -жайы ачыкталган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3129