Афганистандын дагы 11 кыргыз жараны эвакуацияланды
RU

Афганистандын дагы 11 кыргыз жараны эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистан Ислам Республикасында түзүлүп жаткан аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги учурда Афганистанда убактылуу турган Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо иштерин улантууда. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, Кыргызстандын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинин жардамы менен, 2021-жылдын 23-августунда саат 04:40та "Доха-Дубаи-Бишкек" аба каттамы менен 11 кыргыз жараны алынып келинди.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын Афганистандагы элчилигинин жардамы менен 22-августта Кабулдан Алматы шаарына атайын рейс менен дагы бир жаран эвакуацияланган.

Афганистандын аймагында калган жарандар учурда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө. Алардын коопсуздугу камсыздалган жана жакынкы аралыкта мекенине эвакуацияланышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3139