Айсулуу Тыныбекова белекке алган унаасынын сүрөтүн жарыялады
RU

Айсулуу Тыныбекова белекке алган унаасынын сүрөтүн жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-августта, президент Садыр Жапаров "Ала Арча" резиденциясында Олимпиадага катышкан спортчуларга сыйлык тапшырды. Мелдештен күмүш байге менен келген Айсулу Тыныбековага II даражадагы "Манас" ордени, 10 миллион сом акчалай сыйлык жана Toyota RAV-4 унаасы белекке берилди.

Айсулу Тыныбекова, темир тулпары менен сүрөткө түшүп, Instagram'дагы баракчасына пост жазган.

"Урматтуу достор! Бүгүн эмгегибиз дагы бир ирээт бааланып, машыктыруучуларыбыз жана ата-энелерибиз менен сүйүнүп отурабыз! Мага II даражадагы "Манас" ордени ыйгарылды. Бул мен үчүн өтө чоң жоопкерчилик! Мындан сырткары, 10 млн сомдук сертификатка ээ болдук.

"Toyota RAV4" үлгүсүндөгү авто унаанын ачкычы да тапшырылды. Президентибиз бул белекти жеке өзүнүн атынан ыйгарды. Мен үчүн бул күтүүсүз болду! Терең ыраазычылык айтам, Садыр Нургожоевич!"

Посттун алдына 2 миңге чукул киши комментарий калтырып, 30 миң адам лайк баскан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3141