Дамир Аскарбек уулу Казакстанда соттолгон болчу, ал эми Кыргызстанда сыйлык алды
RU

Дамир Аскарбек уулу Казакстанда соттолгон болчу, ал эми Кыргызстанда сыйлык алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-августта, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров КРдин күрөш боюнча вице-президенти Дамир Асылбек уулуна Кыргызстандагы спорттун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык катын тапшырды. Бирок, бул сыйлык кыргызстандыктарды нааразы кылды, анткени парламенттин мурунку депутаты Дамир Асылбек уулу буга чейин Казакстанда өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Kaktus.media эмненин негизинде буга чейин Казакстанда "Транс улуттук уюшулган топту түзүү жана аны башкаруу" жанан "Экономикалык контрабанданы ишке ашыруу" беренелери боюнча соттолгон жаран, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамир Асылбек уулу мамлекеттик сыйлык алып жаткандыгын аныктаганга аракет кылды.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спортту анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Марат Аскарбековго байланышканда, ал Дамир Аскарбек уулунун соттолгонун билбегенин айтты.

"КРдин күрөш боюнча федерациясынын вице-президенти Кыргызстандын мыйзамына ылайык толугу менен акталып чыккан, деген ойдо болчумун. Чынын айтсам, соттолгон жарандарга Кыргызстандын президентинин атынан сыйлык берүүгө болобу же жокпу, билбейм", - деди Аскербеков.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги да бул суроого жооп бере алган жок.

"Учурда бул боюнча тактап жатабыз", - деп ведомостводон билдиришти.

Kaktus.media Кыргызстандын президентинин администрациясынын билим берүү, илим, маданият жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Галина Байтерек менен байланышууга аракет кылды. Ал бул боюнча тагыраак комментарий бермек. Бирок Байтерек телефон чалууларга жооп берген жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3142