Чек ара жаңжалынан жабыркагандарга 140 үй августтун аягына чейин салынат
RU

Чек ара жаңжалынан жабыркагандарга 140 үй августтун аягына чейин салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 31-августка чейин Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркагандарга 140 үйдүн курулушун бүтүрүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

29-30-апрелде Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн каргашалуу окуяда жабыркагандардын турак-жайларын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө Баткен районунда 40 үй, ал эми Лейлек районунда 100 үй болуп, жалпысынан 140 үй курулат.

Буга чейин Лейлек районунун Максат айылындагы 60 үй-бүлө заманбап, толук жабдылган үйлөргө көчүп киришти. Андан сырткары мектеп, бала бакча курулуп, жолдорду асфальттоо жана фельдшердик-акушердик пунктту оңдоо иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3146