Президенттикке талапкер Ташов берген батир боюнча териштирүү жокко чыгарылды
RU

Президенттикке талапкер Ташов берген батир боюнча териштирүү жокко чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттикке талапкер Имамидин Ташовдун ыйгарым укуктуу өкүлү Гүлмира Турмамбетова Боршайкомго келип түшкөн даттануу боюнча тергөө ишинин корутундусу чыкканын Kaktus.media'га билдирди.

Эске салсак, 2020-жылдын 5-октябрында Ала-Тоо аянтында каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин атасына Имамидин Ташов жардам ирээтинде батир белекке берген. Бул окуя Instagram'да кенири талкууга алынган болчу.

БШКга келип түшкөн маалымат боюнча Имамидин Ташов Үмүтбектин ата-энесине көңүл айтып, аларга батир белек кылган. Документтер андан аркы иликтөо жүргүзүу иштери үчүн ИИМге өткөрүлүп берилген.

Гүлмира Турмамбетованын айтымында, 23-декабрда, бул маалымат Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБсиндеги учетко алуу журналына №02-002-2020-025547 номери менен катталган.

"Текшерүү иштеринин жүрүшүндө бул батир шайлоо процесси башталганга чейин, б.а. 2020-жылдын 10-октябрына чейин берилгени аныкталды", - деп ИИМ берген маалыматты билдирди.

Бул иш ошол эле күнү жоюлду, деп Турмамбетова кошумчалады.

Эске салсак, 10-январда, Кыргызстанда мөөнөтүнон эрте президенттик шайлоо жана референдум өтөт. Шайлоого 17 талапкер аттанды. Бул жуманын соңунда үгүт иштери жыйынтыкталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/314