Бишкек-Ош унаа жолунда болгон коркунучтуу кырсык 9 адамдын өмүрүн алды
RU

Бишкек-Ош унаа жолунда болгон коркунучтуу кырсык 9 адамдын өмүрүн алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош унаа жолунун 201-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Honda Stepwgn жана Volvo унаалары сүзүштү, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жол кырсыгынын кесепетинен тогуз адам каза болгон. Алардын арасында алты аял, эки эркек жана бир бала болгон. Дагы бир киши жаракат алып, бирок аман калган.

Кырсык болгон жерге ӨКМнин 154 -чакырымында нөөмөттө турган беш кишиден турган куткаруучулар тобу келишкен. Алар сөөктөрдү унаадан чыгарып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Келген тез жардам бригадасы жабырлануучуга жеринде медициналык жардам көрсөткөн.

Каза болгондордун аты -жөнү такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3150