Афганистан шылтоосу менен Жапаров, Ташиев жана Масадыков бир бөлмөгө чогулушту
RU

Афганистан шылтоосу менен Жапаров, Ташиев жана Масадыков бир бөлмөгө чогулушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 23 -августта видеоконференция форматында орус тараптын демилгеси менен өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз сессиясына катышты.

Кыргызстандын президентинин администрациясынын маалыматына караганда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чакырылган конок катары кезексиз сессияга катышты.

Тараптар Ооганстандагы кырдаал жана анын ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасири боюнча пикир алмашышты.

Садыр Жапаров кырдаалдын өнүгүшүнүн терс сценарийлерин божомолдоо, өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жана коопсуздукка карата чакырыктарга жана коркунучтарга адекваттуу жана өз убагында жооп берүү үчүн жамааттык чараларды иштеп чыгуу үчүн тараптардын аракеттерин бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Белгиленгендей, жолугушууда Тышкы иштер министрлигинин башчысы Руслан Казакбаев, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жана Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков залда болушту. Жыйынга башка укук коргоо органдарынын жетекчилери да катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3155