Афганистандын мурдагы минстри Германияда тамак-аш жеткирип иштейт
RU

Афганистандын мурдагы минстри Германияда тамак-аш жеткирип иштейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистандын мурунку Маалыматтык технологиялар жана байланыш министри Сайед Ахмад Шах Садат 2020-жылдан бери Германияда жашайт. Учурда ал тамак-аш жеткирүүчү болуп иштейт. Бул тууралуу "Leipziger Volkszeitung" гезити жазып чыкты.

Басылманын маалыматы боюнча, ал киши 2018-жылга чейин Афганистанда жашаган. Анын ошол кездеги негизги милдеттеринин бири телекоммуникация тармагын кеңейтүү болчу.

Сайед Ахмад былтыр декабрь айында Германияга көчүп келип, чогулткан акчасы түгөнгөндө жумушка кирген. "Эми мен жөнөкөй жашоодо жашайм", - деген сөзүн гезит цитата кылып чыгарган. "Бул адам келечекте Telekom телекоммуникациялык компаниясына жумушка кирүүгө каалайт", - деп макалада жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3157