Мухаммедкалый Абылгазиев 50 миллион сом төлөп үй камагына чыкты
RU

Мухаммедкалый Абылгазиев 50 миллион сом төлөп үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үйүнө чыгарылды. Ал 50 миллион сом төлөгөн. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына УКМКдан билдиришти.

Алар белгиленгендей, Абылгазиев тергөө менен келишим түзүп, мамлекетке 50 миллион сом төлөп үй камагына чыгарылды. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктаганга чейин үй камагында болот.

Эске сала кетсек, мурдагы премьер-министр Абылгазиев мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталууда. УКМКнын маалыматына караганда, Абылгазиев премьер-министр болуп турганда, "Кумтөр Голд Компани" ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгон. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эсеге көбөйүп, андан сырткары бир нече мөңгүлөрдү жана корголуучу аймакты кошкондо 26,3 миң гектарды түзгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3165