Хюррем Султандын ролун ойногон актриса Мерьем Узерли Кыргызстанга келет
RU

Хюррем Султандын ролун ойногон актриса Мерьем Узерли Кыргызстанга келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиялык актриса Мерьем Узерли Азия эл аралык кинофестивалынын чакыруусу менен Бишкекке келет. Кыргызстандыктар аны "Даңазалуу доорундагы" Хюррем Султандын ролу менен тааныйт. Бул тууралуу кинофестивалдын башкаруучу директору Асел Шерниязова билдирди.

Азия эл аралык кинофестивалы 2015-жылы Лос-Анжелесте коомдук ишмер, учурда Франциядагы жана ЮНЕСКОдогу ыйгарым укуктуу элчи Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Ал эми 2019-жылдан бери фестивалдын төрагасы ишкер жана меценат Шухрат Ибрагимов.

Уюштуруучулардын айтымында, Бишкекте сентябрдын башында жаңы долбоордун урматына пресс-конференция жана жеке гала-концерт өтөт. Мерьем Узерлиден тышкары белгилүү немис сүрөтчүсү Мартин Вертманн, фестивалдын аткаруучу директору Джордж Шамшум, ошондой эле продюсер, аялдардын укугун коргоочу жана эл аралык мамилелер боюнча эксперт Мерал Мелики Дурандын катышуусу божомолдонууда.

Мерьем Узерли 2019-жылы Азия эл аралык кинофестивалында калыстар тобунун төрагасы болгон. Ошондой эле фестивалда камкорчулар кеңешинде режиссерлор Жан-Марк Валле, Сергей Бодров, продюсерлер Аль Ради, актриса Люси Лю, Marvel тасмаларынын башкы режиссеру Сара Финн жана башкалардын катарында да бар. Голливуддун чет өлкөлүк пресс ассоциациясы беш жыл катары менен фестивалдын өнөктөшү болуп, кадыр-барктуу "Алтын глобус" сыйлыгын уюштурган.

Белгилей кетсек, актрисанын келишин 2018-жылы күтүшкөн. Андан кийин Узерли башка адамдар тарабынан да чакырылган. Бирок, белгисиз себептерден улам иш сапары болбой калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3168