Владислав Шулико Ысык-Көлдүн дээрлик жарымын сүзүп өттү
RU

Владислав Шулико Ысык-Көлдүн дээрлик жарымын сүзүп өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык суучул Владислав Шулико буга чейин Ысык-Көлдүн 84 чакырымын сүзүп өткөн.

Эске салсак, спорттун чебери Ысык-Көлдү узунан сүзүп өтүп, рекорд коюуну чечкен. Анын эсеби боюнча аркы бетке өтүү төрт-беш күнгө созулмак.

Спортчу 22-августта саат 07:30да Каракол шаарынан баштаган. Ал эми финиш Балыкчыда болот.

Учурда Шулико жарыяланган аралыктын жарымын сүзүп өттү. Тагыраагы 181 километрдин 84 километри.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3172