Кыргызстандын алты президенти тартылган сүрөт коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты
RU

Кыргызстандын алты президенти тартылган сүрөт коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 25-августта, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музеинде "Жаңы соцреализм" деген көргөзмө ачылды. Музей өкүлдөрүнүн айтымында, көргөзмө коомчулуктун болуп көрбөгөндөй кызыгуусун жаратты.

Сүрөт көргөзмөнүн негизги каарманы Таалай Усубалиевдин "Ата Бейит" деген чыгармасы болду. Сүрөттө эгемендүү Кыргызстандын алты президенттин элестери тартылган: Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров. Бардыгы кара кийинип, гүл чамбардын алдында башын жерге салып турушат. Арткы фонунда мамлекеттин силуэтин байкоого болот.

Көргөзмөдө андан тышкары Саркын Сооронбаевдин "Саякбай 1916 жылы Кытайда", Нюргуяна Иннокентьеванын "Жизнь Усена Кудайбергенова", Өмүркул уулу Базаркулдун "7-Апрель" сүрөтүнө эскизди жана Сыдыкалы кызы Аруукенин ""Играем в прятки" этюдун көрүүгө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3182