Темир Сариев тергөө абагына калтырылды. Колдоочулар менен полиция араздашты
RU

Темир Сариев тергөө абагына калтырылды. Колдоочулар менен полиция араздашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-августта Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин иши боюнча адвокаттардын Бишкек шаардык сотуна жазган арызын карады. Ал кумтөр иши боюнча камакка алынган.

Анын тарапкерлери соттун имаратынын алдына чогулган. Алар адилеттүүлүктү жана Сариевди бошотууну талап кылышты.

Соттук коллегия жактоочулардын арызын канааттандырган жок, Сариев тергөө абагына калтырылды.

Бул окуядан кийин саясатчынын тарапташтары жолду тосуп, кийин кайра ачышкан. Бирок, конвой башка дарбазадан чыгып кеткен болчу.

Кийинчерээк жактоочулар менен полициянын ортосунда жаңжал чыгып, маселе бат эле чечилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3187