Бишкектеги афгандык качкындар кайрадан митингге чыгышты. Аларды милиция салып кетти. Видео
RU

Бишкектеги афгандык качкындар кайрадан митингге чыгышты. Аларды милиция салып кетти. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгун, 25-августта Афганистандык качкындар кайрадан БУУнун имаратынын алдына келип митинг уюштурушту. Алар өздөрүн АКШга же Канадага көчүрүп кетүүнү талап кылышууда.

Качкындардын айтымында, акциянын эки катышуучусун санкцияга кирбеген митингди уюштурганы үчүн алып кетишти.

"Биз мэриядан митинг өткөрүүгө мөөнөтсүз уруксат алганбыз. Бирок милиция келип, бизди кууп баштады. Алар биздин укугубузду бузуп жатышат", - деп митингге келгендер нааразы болушту.

Бирок, Бишкектин мэриясынан берилген документтин көчүрмөсүнө караганда, акциянын уюштуруучуларына шаардагы оор эпидемиялык кырдаалды эске алуу менен митинг өткөрүүгө уруксат бериген эмес.

Эске салсак, бул афгандык качкындардын алгачкы митинги эмес. Буга чейин алар БУУнун жана АКШ элчилигинин алдына ушундай эле талаптары менен барып, акция уюштурушкан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3188