Жылдыз Бакашова ПЦР-анализдин жыйынтыктарын бурмалоо фактыларын жеке көзөмөлүнө алды
RU

Жылдыз Бакашова ПЦР-анализдин жыйынтыктарын бурмалоо фактыларын жеке көзөмөлүнө алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова көз карандысыз журналисттер Али Токтакунов менен Мээрим Сырдыбаеванын материалында айтылган ПЦР-тесттен өтүү тууралуу жасалма тастыктамаларды берүү фактылары боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, Жылдыз Бакашова мындай мыйзам бузууларга жол берилбестигин эске салып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине журналисттердин иликтөөсүндө көрсөтүлгөн фактылар боюнча белгиленген тартипте териштирүүнү баштоону тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир жуманын ичинде мыйзам бузуулардын фактыларын изилдеп чыгуу, анын жыйынтыгы боюнча жеке менчик лабораториялардын ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кароо тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына материалда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү жана мындай мыйзам бузуулардын алдын алуу чараларын көрүү тапшырылды.

Эске салсак, журналист Мээрим Сырдыбаева менен "Али Токтакунов MediaHub" жасалма ПЦР анализдерин сатуу боюнча көптөгөн фактыларды ачыктап, журналисттик иликтөө жүргүзүшкөн. Ага ылайык, коронавирус боюнча терс натыйжасы бар сертификатты бир күндүн ичинде 3000 сомго жасатса боло турганын көрсөтөт. Иликтөөнүн материалдары укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3191