Орус учактары кыргыз жарандарын Афганстандан чыгарды
RU

Орус учактары кыргыз жарандарын Афганстандан чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орусиянын Коргоо министрлигинин эки учагы Ооганстандан Кантка эвакуацияланган кыргыз жарандарын жеткирди. Бул тууралуу Russia Today агенттиги Орусиянын коргоо департаментине шилтеме берүү менен билдирди.

"Россиянын Коргоо министрлигинин аскердик транспорттук авиациясынын эки учагы Кыргыз Республикасынын Кант шаарындагы аэродромго келип конду, алар Афганистан Ислам Республикасынан эвакуацияланган кыргыз жарандарын алып келишти", - деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин маалымдалгандай, Орусиянын Коргоо министрлигинин учагы Ооганстандан эвакуацияланган тажик жарандарын Тажикстандын Гиссар шаарына жеткирген.

25 -августта орусиялык төрт аскердик учак Кабулдан орусиялыктарды, Беларусь, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Украинанын жарандарын алып чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3209