Бишкекте 1, 5, 9 жана 11-класстар 18 январдан баштап мектепке барышат
RU

Бишкекте 1, 5, 9 жана 11-класстар 18 январдан баштап мектепке барышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

18 январдан баштап Бишкектеги мектептердин кээ бир класстары адаттагыдай окуй баштайт. Бул жөнүндө мэрия маалымдады.

Бишкектеги бала бакчалар жана мектептер болжол менен үчүнчү чейректе ачылышы мүмкүн. Бирок, бул так эмес маалымат. 18 январда мектепке 1, 5, 9 жана 11-класстар барышат. Алар эки сменада окуп, шахмат тартибинде отургузулат.

Бала бакчалар 20-январдан баштап иштейт.

Белгилей кетсек, окуучулар март айынан баштап дистанциялык түрдө окуп келишкен. Ата-энелер жана окутуучулар бул форматта балдар билим ала албаганына нааразы болуп келишкен. Региондордо мектептер экинчи чейректен жарым-жартылай окуй баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/321