Рекорд койду. Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өттү
RU

Рекорд койду. Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-августта, кыргызстандык сууда сүзүүчү Владислав Шулико Ысык-Көл аркылуу сүзүп өттү.

Биздин спортчу дүйнөлүк рекорд койду, - ал Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өттү, бул 181км.

Эске салсак, Шулико 22-августта, 07:30да, Караколдон старт алган. Финиш Балыкчы шаарында болмок.

Сууда сүзүүчү алты күн сууда сүзүп жүрдү, ал жардамчы курал катары калактарды колдонбой туруп, 181 киломметрди өзү сүзүп өттү. Коопсуздукту коргоо максатында, аны ӨКМдин куткаруучулары кайык менен коштоп жүрүштү.

Влад рекорд коюп жүргөн кезде, анын апасы Татьяна уулуна сарысанаа болуп жатты. Тезирээк финишке сүзүп, жетсе экен, үйго алып кетип, көкүрөгүмо кыскым келип жатат, деп билдирген.

Владислав Шулико 22-августта, 07:30да, старт алып, 27-августта 15:27де финишке жетип келди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3243