Өзбекстанда алгачкы күн электр станциясы ишке кирди
RU

Өзбекстанда алгачкы күн электр станциясы ишке кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

27 -августта Өзбекстандын Навои облусунда биринчи күн электр станциясын ишке киргизүү аземи болуп өттү. Ага президент Шавкат Мирзиёев катышты, деп билдирди Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы.

2019 -жылдын октябрында тендерди утуп алган БАЭден келген Масдар аттуу инвестор Карманин районунда күн фотоэлектр станциясынын курулушуна жалпысынан 110 миллион доллар жумшаган. Станциянын кубаттуулугу 100 мегаватт. Анда 300 миң күн батареялары орнотулган.

Станция жылына 252 миллион киловатт-саат электр энергиясын өндүрүшү күтүлүүдө. Бул 80 миллион кубометр жаратылыш газын үнөмдөөгө жана парник газдарынын эмиссиясын 160 миң тоннага кыскартууга мүмкүндүк берет.

Жакынкы эки жылда Бухара, Жизак, Наманган, Самарканд, Хорезм, Сурхандарья жана Кашкадарьяда жалпы кубаттуулугу 2100 мегаватт болгон тогуз күн электр станциясы пайда болот, Каракалпакстанда жалпы кубаттуулугу 1600 мегаватт болгон төрт шамал электр станциясы ишке киргизилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3255