Сыймык Жапыкеев: Саясатчылар ит эле экен
RU

Сыймык Жапыкеев: Саясатчылар ит эле экен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысы Сыймык Жапыкеев Бишкектеги менчик клиникалардын биринен видеокайрылуу жасап, аны өзүнүн Facebook'тагы аккаунтуна жарылаган.

Анын айтымында, организминдеги канттын деңгээли көтөрүлүп, кан басымы төмөн түшүп кеткендиктен, ооруканага кайрылууга туура келген. "Палатада жатканыма үч күн болду", - деп билдирди Жапыкеев.

Ошондой эле, ал спецбольницага кайрылып, өкмөттүн эсебинен дарыланса деле болот болчу, бирок жеке менчик клиникага жатууну туура көргөнүн кошмчулады.

"Мен жөнүндө акча алат деген сөздөр болуп жатат. Алар менин авторитетимди түшүрүш үчүн көп сөздөрдү айтып жатышат. Булар эмнеге антип атышат? Саясатчылар ит экен да, ушинтип эле. Мен эч кимге душман эмесмин. Биз бардыгын отургузуп жатабыз. Бүгүн замминистрди кармадык, кечээ эл аралык аферистти кармаганбыз, ага чейин дагы чоң-чоңдор камалып атат. Азыр күчтөр аккумулироваться этип жатат, андан кийин коррупцияонерлерди күч менен согобуз. Силер бизди колдоп турргула, анткени чагымчыл күчтөр мени бардыгы менен уруштуруп жатышат. Эл, силер анализ кыласыңар го, ошону анализ кылып тургула. Мен силерге доктурдан кайрылып турайын", - деди Сыймык Жапыкеев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/325