Жанар Акаев: Мени аялын урду деген маалымат чындыкка дал келбейт
RU

Жанар Акаев: Мени аялын урду деген маалымат чындыкка дал келбейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламенттин депутаты Жанар Акаев мындан мурун аялын сабады деп жарыяланган маалыматты төгүндөдү.

Белгилей кетсек, Kaktus.media'нын маалымат булагы билдиргендей, кечээ, 8-январда, Бишкектеги Турусбеков көчөлөрүнүн биринде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук орун алды деген маалымат милицияга келип түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлерине К.Ж. деген жаран кайрылып, күйөөсү - Жанар Акаев сабаганын билдирген. Бул факт Ленин районунун ИИБсинде катталган.

Депутат өзүнүн Facebook баракчасына мындай көрүнүш эч качан болгон эместигин билдирген.

"Урматтуу достор! Өзгөчө журналисттер. Жанар Акаев аялын сабады деген маалымат таптакыр чындыкка дал келбейт. Андай болушу мүмкүн дагы эмес. Муну кайсы булак, эмнеге таянып билдирди? Же ар бириңерди үйгө чакырайынбы? Баса белгилеп айтып коеюн, андай болгон эмес, эч качан болбойт дагы", - деп Жанар Акаев жазган.

Анын жубайы Жыргал Масалбекова (Кенжебаева) өзүнүн Twitter'деги баракчасына, аны менен бардыгы жакшы, эч жерге арыз жазып кайрылбаганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/328