"Акыркы көч" көркөм тасмасынын улуттук премьерасы эртең болот
RU

"Акыркы көч" көркөм тасмасынын улуттук премьерасы эртең болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-сентябрда режиссер Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу тарткан "Акыркы көч" көркөм тасмасынын улуттук премьерасы болот. Ал эми 2 -сентябрдан тарта тасма көрүүчүлөргө тартууланат. Тасма көптөгөн абройлуу кинофестивалдарга катышып, Дакка эл аралык кинофестивалында Гран-прини жана Куала-Лумпур эл аралык кинофестивалында атайын сыйлыкты алган.

Фильм "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы жана "Билимкана" коомдук фондунун биргелешкен чыгармасы болуп саналат. Тасманын сценарист жана кинорежиссерлору Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу. Ал эми Элнура Осмоналиева продюсерлик кылды. Фильмде Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калип Үсөнова, Өмүрзак Токтомуратов жана Гүлсина Чотонова сыяктуу белгилүү актерлор ойногон.

"Акыркы көч" көркөм тасмасы жалгыз жашаган көрүнүктүү жазуучу Кубат Алиевдин тагдырын баяндайт. Бир күнү досу, жазуучу Сапар катуу ооруп калганын угат. Дарылоо үчүн Кубат батирин сатат, бирок көп өтпөй иниси карыз үчүн доочулар тарабынан сабалат. Кубат эки анжылыкка туш болот - бир тууганына же жазуучу досуна жардам бериш керекпи деген тандоодо калат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3299