Ош: балбан Акжол Махмудовго эки бөлмөлүү батир ыйгарылды. Видео
RU

Ош: балбан Акжол Махмудовго эки бөлмөлүү батир ыйгарылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы салтанатта спортчу Акжол Махмудовдун машыктыруучуларына да ыраазычылык айтылып, акчалай белектер тапшырылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан жазды.

Токиодогу олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгон грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудовго Ош шаарындагы эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган гала-концертте аталган калаадан эки бөлмөлүү батир белек кылынды. Бул тууралуу мэриянын Facebook баракчасындагы маалыматта айтылат.

Маалыматка караганда, шаар башчысы Алмаз Мамбетов менен президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов эки бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырган.

"Ош мэриясы, Ош облустук администрациясы жана шаардык кеңештин атынан эки бөлмөлүү батир жана акчалай сыйлыктар тапшырылат", - деген мэр Мамбетов салтанаттын алдында.

Андан сырткары Ош облусунун администрация жетекчиси спортчу Махмудовго мэрия менен администрациянын атынан 10 миң доллар тапшырган. Ош шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков кеңештин атынан 100 миң сомдук сертификатты белек кылган.

Маалыматта Махмудовдун машыктыруучуларына да акчалай белек берилгени айтылат.

Эске салсак, 2021-жылдын 3-августунда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча 22 жаштагы балбаны Акжол Махмудов Токио-2020 Олимпиадасында күмүш медаль уткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3301