Эгемендүүлүк күнүнөн кийин Ала-Тоо аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды. Сүрөт
RU

Эгемендүүлүк күнүнөн кийин Ала-Тоо аянтынан 4 тонна таштанды чыгарылды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эгемендүүлүк майрамы Ала-Тоо аянтында майрамдалгандан кийин, "Тазалык" кызматкерлери 4 тонна таштанды чыгарышты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тазалоого беш таштанды жыйноочу жана үч сугаруучу машина бөлүнгөн. "Эртең менен баштап ишкананын 60 кызматкери тынымсыз иштеп жатышат", - деп айтылат билдирүүдө.

Тазалоо иштери түнкү 2ге чейин созулду. Аянтка жалпы 50 чоң пластик контейнерлер жана он металл евро контейнерлер орнотулган.

Ошондой эле, компаниянын кызматкерлери сахнаны, тосмолорду, чатырларды жана башка декоративдик элементтерди орнотушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3304