Унуткан жоксузбу? Бүгүн транспортко, эртең кыймылсыз мүлккө салык төлөөнүн акыркы күнү
RU

Унуткан жоксузбу? Бүгүн транспортко, эртең кыймылсыз мүлккө салык төлөөнүн акыркы күнү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-сентябрда транспорт салыгын төлөөнүн акыркы күнү экенин Мамлекеттик салык кызматы эскертет.

Кошумчалай кетсек, эртең, 2-сентябрда турак жайлар менен батирлерге (ишкердик үчүн колдонулбаган), ошондой эле жер салыгына (чектеш, чарбалык жана бакча участокторуна) төлөө мөөнөтү аяктайт.

Салыктар каалаган банк мекемесинин кассаларында, почта бөлүмүндө, төлөм жана пос терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг жана төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөсө болот.

Толугураак маалыматты 116 телефонуна чалып же СТСтин сайтынан ала аласыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3305