Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгаруу боюнча указга кол коюлду.
RU

Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгаруу боюнча указга кол коюлду.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгуу боюнча эки жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлыктар Президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссия тарабынан берилген сунуштардын негизинде кол коюлган.

Президенттин биринчи жарлыгы 227 адамды (179 чоң киши, 48 бала) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алууга тиешелүү. Алардын көбү мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Ал эми экинчи жарлыгы 180ге жакын адамды (150 чоң киши жана 30 бала) Кыргызстандын жарандыгынан чыгаруу боюнча болду.

Жалпысынан 407 кишиге (329 чоңдорго жана 78 балдарга) арыздар каралды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3307