Айрым өлкөлөр Афганистандан жарандарын алып чыгууга жетишпей калды
RU

Айрым өлкөлөр Афганистандан жарандарын алып чыгууга жетишпей калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Франция баштаган бир катар батыш Европанын өлкөлөрү Афганистандан жарандарын жана өздөрү кызматташып, өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган афган жарандарын алып чыгууга жетишпей калганын билдирүүдө. Бул тууралуу azattyk.org жазды.

Associated Press маалымдагандай, Франциянын коргоо министри Эрве Гранжан шейшембиде журналисттерге ондогон француз жарандары жана алар менен кызматташкан афган жарандары акыркы эвакуациялык учакка илешпей калганын билдирди. Анын айтуусунда Франциядан башпаанек сураган ондогон афган качкындары да кала беришкен. Гранжан аларды алып чыгуу үчүн француз бийлиги колдон келген аракетин жасай турганын айтты.

АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен Кабулдан чыга албай калган америкалык жарандардын саны так эместигин, алар "200гө жетпеген адам" болушу ыктымалдыгын айтты. Блинкен АКШ Афганистанда калып калган америкалыктарга жардам берүүнү улантарын белгиледи.

Мурдараак Афганистанда Германиянын 300гө чамалуу жараны калганы кабарланган. Бирок немис канцлери Ангела Меркел шейшембиде жардамга муктаж адамдардын саны бир топ көп экенин билдирди.

"Биздин көңүл борборунда жергиликтүү адамдар турат, алар 300 эмес, 10-14 миңдин айланасында. Алардын ичинен канчасы кетүүнү каалайт, аны текшеребиз", - деди Меркел Австриянын канцлери Себастьяном Курц менен жолугушуу алдындагы маалымат жыйынында.

Британиянын Evening Standard басылмасы тышкы иштер министри Доминик Раабга шилтеме кылып, Афганистанда британдык жарандар калганын жазды. Ал эми британ учагы менен өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган афгандыктардын так саны белгисиз.

"Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм) кыймылы АКШ жана НАТОнун союздаштары Афганистандан аскерлерин 31-августтан калтырбай алып чыгып кетүүгө тийиштигин билдирген. Буга байланыштуу көптөгөн өлкөлөр Афганистандагы жарандарын шашылыш алып чыгууга мажбур болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3311