Ташиев туура кылдыбы? УКМКнын түшүндүрмөсү
RU

Ташиев туура кылдыбы? УКМКнын түшүндүрмөсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын маалымат кызматы Камчыбек Ташиевдин эмне үчүн колун фуражкага эмес, көкүрөккө койгондугу боюнча реакция кылды. Анын Ала-Тоо аянтындагы Эгемендүүлүк күнүн майрамдап жатканда өлкөнүн гимнин аткаруу учурундагы кыймыл-аракети социалдык тармактарда талкууга алынган.

"Мамлекеттик символдор жөнүндө" мыйзамга ылайык, гимн расмий түрдө аткарылып жатканда, отургандардын баары оң колун көкүрөктүн сол жагына коюшат. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев да ошондой кылды", - деп айтылат билдирүүдө.

"Ташиев министрликтердин жана ведомстволордун башчыларынын жана чакырылган ардактуу коноктордун катарында болчу. Өлкөнүн гимни ойноп баштаганда, шарттуу түрдө бир стройго тизилип калышты". УКМКнын басма сөз кызматы, Куралдуу Күчтөрдүн ички кызматынын уставында көрсөтүлгөндөй баш кийимине эмес, колун көкүрөгүнө койгонунун себебин мына ушундай деп түшундүрдү.

Бирок, экипаждар салтанаттуу марштын астына киргенде, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев бир кадам алдыга чыгып, баш кийимине колун коюуп тосуп алган.

УКМК белгилегендей, кырдаалга жараша Ташиев бир убакта жаран жана аскер башчысы катары туура иш кылган. Ал эми сын айткан адамдарга бул жагдайды тереңирээк изилдеп, акылга сыйбаган сын тагууга жол бербөөгө чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3313