Айсулуу Тыныбекова Камчы Көлбаевден машине белекке алганын айтты
RU

Айсулуу Тыныбекова Камчы Көлбаевден машине белекке алганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова өзүнүн Instagram баракчасына Toyota маркасындагы автомобиль алганын жарыялап, белекти Камчы Асанбеков (Көлбаев) бергенин жазган.

Белгилей кетсек, социалдык баракчалардын кыргыз сегментинде, спортчу айым машинени криминалдык авторитеттен алгандыгы тууралуу маалымат тараган. Бирок бул тастыкталган эмес.

Анын айтымында ал колдоо көрсөтүп, белек бергени үчүн Камчы Көлбаевге ыраазычылыгын билдиргиси келет.

"2017-жылы Парижде өткөн Дүйнө чемпионатынан ийгиликтүү кайтып келгенимде мага Toyota CHR маркасындагы жаңы авто унаасын белек кылган. Чынын айтсам ошол жылдары спорттук травма алып көңүлүм түшүп кыйналып жүргөн кезим эле. Бул ийгилигимди жалгыз сиз баалап кийинки бийиктиктерди багынтыгууга түрткү боло алдыныз, жаңы авто унаалуу болуп көңүлүм көтөрүлүп алдыга койгон максаттарды ишке ашырууга куч кубат алдым. Колдоо учун дагы бир жолу рахмат айтам", - деп Айсулуу Тыныбекова жазды.

Мындан мурун, Айсулуу Тыныбекова Айымдардын күрөшү федерациясынын вице-президенти Динара Исаевадан 2018-жылы чыккан Toyota CHR унаасынын ачкычын алгандыгы жарыяланган. Исаева, спортчу Тыныбекова 2017-жылы дүйнө чемпионатынан коло медаль алгандыгы үчүн автомашине тартууланды деп билдирген болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/331