Элчи болгонго даярданып жатабы? Текебаев Германиянын Бишкектеги өкүлү менен жолугушту
RU

Элчи болгонго даярданып жатабы? Текебаев Германиянын Бишкектеги өкүлү менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 1-сентябрда, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил менен жолукту. Бул жөнүндө партиядан билдиришкен.

Белгилүү болгондой, алар Афганистандагы окуяларга байланыштуу Борбордук Азиядагы кырдаалды талкуулашкан. Жолугушуунун башка деталдары айтылган жок.

Эске салсак, мындан мурун айрым ЖМКлар жеке маалымат булагына таянып, Өмүрбек Текебаев Германиянын элчиси болуп дайындалат деп билдиришкен. Бирок саясатчы өзү бул маалыматты тастыктаган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3326