Кыргызстанда шайлоо участоктор ачылды: дене табы текшерилип, маскалар таратылууда
RU

Кыргызстанда шайлоо участоктор ачылды: дене табы текшерилип, маскалар таратылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-январда, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Кечки саат 20:00го чейин республика боюнча 2 474 шайлоо участогу иш алып барат.

Коронавирустун пандемиясы шартында участокко кире беришинде келгендердин температурасы текшерилип, маскасы жок келгендерге маске таратылууда. Шайалоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү жана байкоочулар маска кийип жүрүшөт.

Эске салсак, президенттик шайлоого 17 талапкер катышууда. Президенттик шайлоонун бюллетендеринин өңү ак.

Референдумдун суроосу төмөнкүчө жазылган. "Кыргыз Республикасында башкаруу формасынын кандай болушун тандайсыз? Үч вариант сунушталган:

  • президенттик республика;
  • парламенттик республика;
  • бардык варианттарга каршы.

Эки "галочка" коюлган бюллетендер жараксыз болуп саналат. Референдумдун бюллетендеринин өңү көк".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/332