Айсулуу Тыныбекова мыкты күрөш көрсөткөн видеодогу кызды издеп жатат
RU

Айсулуу Тыныбекова мыкты күрөш көрсөткөн видеодогу кызды издеп жатат

Все самое интересное в Telegram

Токиодо өткөн Олимп оюндарында күмүш медаль утуп келген балбан кыз Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактарга тараган кичинекей кыздын видеосу тууралуу пикирин Instagram баракчасына жазды.

"Кечээ бул видеону интернеттен көрүп абдан сүйүндүм! Качан жана каерден тартылганы белгисиз, бирок бир нече жолу кандай сонун ыкманы жасаган! Сиңдибиз машыгып жүргөнү сиздерге да байкалдыбы?

Күрөштө бул ыкма үчүн эки упай берилет. Мен бул спортко жаңыдан киришип баштаганда, дал ушул ыкманы көп колдончумун. Бул кызды көрүп өзүмдү эстеп кеттим. Себеби ушул ыкма менен мен бир эл аралык мелдештен медаль утуп алгам!

Сени менен жолугуп маектешүүгө даярмын, сиңдим! Эгер чоң спортко кадам таштайм десең багыт берүүгө даярмын. Кимде даректери болсо кабар берип коюңуздарчы", деп Тыныбекова жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60(Бишкек)
url: https://kaktus.kg/3330