Vefa'дагы кафе-барда кардар официанттын башын жарган (видео)
RU

Vefa'дагы кафе-барда кардар официанттын башын жарган (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Vefa соода борборунун имаратында жайгашкан "Чердак" кафе-барында мушташ чыгып, үч эркек киши жабыркаган. Мушташтын видеосу социалдык тармактарга жайылып кеткен.

Видеодо көрүнуп тургандай, официант формасын кийген жигиттер белгисиз эркек балдар менен мушташып жатышат. Официанттардын бири жерде жатат, аны башка эркектер тепкиге алышкан. Ошол эле маалда эки тараптагылар аларды токтотууга аракет кылып жатышат.

Такталбаган маалыматтарга ылайык, кафе-бардын кардарларынын бири кастет менен официанттын башын жарган.

Бишкектин Биринчи май районунун ИИБси Kаktus.media'га билдиргендей, бул факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат, жакын арада такталган маалымат берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3336