"Ата Мекен" жана "Реформа" партиялары биригиштиби? Атамекендин комментарийи
RU

"Ата Мекен" жана "Реформа" партиялары биригиштиби? Атамекендин комментарийи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ата Мекен" жана "Реформа" партиялары биригишкен жок. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына "Ата Мекен" партиясынан билдиришти.

Партия өкүлдөрүнүн айтымында, бул эки тараптын алдын ала жолугушуусу болгон.

"Биз өлкөдөгү кырдаалды, шайлоолорду жана партиялардын Жогорку Кеңешке шайлоого болгон даярдыгын талкууладык. Биригүү маселеси эки тарап үчүн ачык бойдон калууда", - деп "Атамекендин" өкүлдөрү түшүндүрүштү.

Белгилей кетсек, саясий активист Адил Турдукулов социалдык тармактардагы баракчаларында "Ата Мекен" жана "Реформа" партияларынын биригиши тууралуу жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3343