Адахан Мадумаровдун пикири боюнча, Кыргызстанда президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт
RU

Адахан Мадумаровдун пикири боюнча, Кыргызстанда президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-январда, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтүп жатат. Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров өз добушун берди. Анын бюллетени урнага бешинчи жолкудан кийин гана түштү.

"Урна да чечим кабыл алгысы келбей атат", - деп Мадумаров комментарий берди.

Эске салсак, эртең менен анын шайлоо участогу башка жерге которулганы белгилүү болгон. Мурда Лев Толстой көчөсүндө болсо, бул ирет Горький көчөсүндө жайгашкан №29-мектептин имаратына которулуптур.

Мадумаров маскасыз келген, шайлоо участогуна келгенде да кийген жок. Эмне үчун маскасыз жүрөсүз, деген суроону узатышканда: "Эми өзүңөр барын түшүнөсүңөр да", деп жооп берген.

Добуш бергенден кийин Мадумаров шайлоо компаниясы жүрүп жаткан учурда көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун билдирди.

"Биз алар тууралуу тынымсыз айтып, билдирип жаттык. Бирок БШК жана сот ага көңүл кош мамиле кылып коюшту", - деди Мадумаров.

Анын пикири боюнча, шайлоонун экинчи туру болот. Бул пикирин Мадумаров бир изилдөөгө таянып айтып жатканын билдирди. Ал изилдөөгө ылайык, Мадумаров биринчи орунда, ал эми Садыр Жапаров экинчи орунда экен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/334