Тажикстан Афганистандан качкындарды кабыл ала албастыгын билдирди
RU

Тажикстан Афганистандан качкындарды кабыл ала албастыгын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода билдиргендей, Душанбе мындан ары афганистандык качкындарды кабыл ала албайт. Ушул тапта талибдерден корккон миңдеген афгандыктар кошуна мамлекеттерге чыгып кетүү аракетин көрүп жатышат. Мындай маалыматты azattyk.org жазды.

Рахимзода мунун себеби катары афган качкындарын кабыл алууга өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирип, эл аралык уюмдарды, анын ичинде Улуттар Уюмун Тажикстанга жардам берүүгө чакырды. Бул тууралуу министр 1-сентябрда уюмдун өкүлү Мулугет Зевди менен жолугушууда айтты.

Рахимзоданын айтымында, учурда тажик-афган чек арасынын ортосундагы нейтралдуу тилкеде 80дей афгандык үй-бүлө бар. Алар Тажикстанга кирүүнү көздөшөт. Министр ошондой эле Афганистандагы туруксуздук жана гуманитардык кризис "кошуна мамлекеттерге террорчулардын да агылышын" күчөтүшү ыктымалдыгын билдирди.

Соңку 15 жыл ичинде Тажикстан Афганистандан үч миңден көп үй-бүлөнү кабыл алган. Жыйырма жыл мурда бийлик өлкө түштүгүндө качкындар үчүн лагерге 70 гектар жер бөлгөн. Рахимзода бул убакыт ичинде бир да эл аралык уюм качкындарга инфрастуктура түзүүгө жардам көрсөтпөгөнүн кошумчалады.

Тажикстандын аймагына Афганистандан 350 этникалык кыргыз кире качкан. Расмий Бишкектин аларды Кыргызстанга өткөрүп коюу өтүнүчүнө карабай, Дүйшөмбү аларды артка кайтарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3352