Жогорку кеңештин депутаты менен жансакчысы таксистти сабады деген маалымат тарады
RU

Жогорку кеңештин депутаты менен жансакчысы таксистти сабады деген маалымат тарады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты жана анын жансакчысы Бишкектин борборунда таксистти сабап койгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, айтылып жаткан депутат Рыскелди Момбеков.

Kaktus.media'нын жеке булактары берген маалыматка караганда, окуя кечээ, 3-сентябрда, Тоголок Молдо көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде, Ак үйдөн алыс эмес жерде болгон.

Бул маалыматты Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады. Алар саат 17:00 чамасында патрулдук кызматка айдоочулардын ортосунда чыр чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөнүн айтышты.

"ЖКККнын экипажы окуя болгон жерге дароо барып, 1994-жылы туулган БМВнын айдоочусу С.И.ни Биринчи май РИИБсине жеткиришкен. Ал денесине залал келтирген жаран Р.М.га жана анын жансакчысына карата арыз жазды.

Бул факты Биринчи май РИИБнин КЖБРине катталып, КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин "Майда бейбаштык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшү башталган.

Келтирилген залалдын даражасын аныктоо үчүн С.И.ге соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына юридикалык баа берет. Учурда тергөө уланууда",- деп билдиришти милициядан.

Депутат Рыскелди Момбеков бул маалыматты четке кагууда. Ал жолдо башка айдоочу менен болгон окуя болгонун белгиледи. Анын айтымында, таксист жол эрежесин бузган. Муну "Коопсуз шаардын" камералары тастыктай алат. Бирок, ал учурда эч кандай кол салуу болгон эмес.

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3369