Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгын күткөндүгү тууралуу: Кудай өзү билет
RU

Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгын күткөндүгү тууралуу: Кудай өзү билет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өтүүдө. Президенттикке талапкер Садыр Жапаров "Киргизия-1"де, №1053 шайлоо участогунда добуш берет. Ал шайлоо участогуна жубайы менен бирге келди.

Садыр Жапаров шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун кабыл алууга үндөдү: "Азчылык көпчүлүктүн позициясын кабыл алууга тийиш", - деди.

Президенттикке талапкер шайлоонун натыйжасы кандай боло турганын күтүп жатат, деген суроого Жапаров бир нече жолу "Эч ким билбейт, Кудай өзү билет", деп кайталады.

Эске салсак, президенттик шайлоого 17 талапкер катышууда. Президенттик шайлоонун бюллетендеринин өңү ак.

Референдумдун суроосу төмөнкүчө жазылган. "Кыргыз Республикасында башкаруу формасынын кандай болушун тандайсыз? Үч вариант сунушталган:

  • президенттик республика;
  • парламенттик республика;
  • бардык варианттарга каршы.

Эки "галочка" коюлган бюллетендер жараксыз болуп саналат. Референдумдун бюллетендеринин өңү көк".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/336